Бишкекте дайынсыз жоголгон эки кыз Ысык-Көлдө экендиги айтылууда
Бишкекте дайынсыз жоголгон кыздар Ысык-Көлдө экендиги айтылууда. Бул тууралуу жоголгон кыздардын туугандары билдирди.
Маалым болгондой, кыздар Ысык Көлдө жүргөндүгүн кимдир бирөөлөр тарабынан угушкан. Учурда кыздардын апасы Ысык-Көлгө жөнөп кетти.
Белгилей кетсек, 2003-жылы туулган Бегимай жана 2005-жылкы Аземгүл ушул жылдын 28-июлунан бери дайынсыз болууда. Алар Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушунда турушчу. Апасынын айтымында Бегимай буга чейин бир жолу үйүндөгүлөрүнө таарынып дайынсыз кетип калып кайра келген. Бул жолу дагы ошондой кылыштыго деп буга чейин эч бир жерге кайрылышкан эмес.
Эгерде бул кыздарды көргөндөр болсо төмөнкү телефонго байланышып коюуну өтүнөбүз. (0558-616-777)
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dajynsyz-zhogolgon-eki-kyz-ysyk-kld-ekendigi-ajtyluuda
Добавить комментарий ×