Бишкекте дайынсыз жоголгон эки кыз изделүүдө
Поделиться в:
Бишкекте дайынсыз жоголгон эки кыз изделүүдө. Бул тууралуу жоголгон кыздардын апасы Койлубаева Толгонай билдирди.
Анын айтымында 2003-жылы туулган Бегимай жана 2005-жылкы Аземгүл ушул жылдын 28-июлунан бери дайынсыз болууда. Алар Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушунда турушчу. Апасынын айтымында Бегимай буга чейин бир жолу үйүндөгүлөрүнө таарынып дайынсыз кетип калып кайра келген. Бул жолу дагы ошондой кылыштыго деп буга чейин эч бир жерге кайрылышкан эмес. Эми гана милиция бөлүмүнө билдирүү бергенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dajynsyz-zhogolgon-eki-kyz-izdeld
Добавить комментарий ×