Чоң Чүй каналынан европа улутундагы адамдын сөөгү табылды

2 июля 2020 10:26 710 Barometr
Поделиться в:
ok

Чоң Чүй каналынан европа улутундагы адамдын жансыз денеси агып бара жаткан жеринен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Биринчи Май районунда кечээ саат 21:25те П. Лулумба көчөсү менен кесилишкен жерде Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын жансыз денеси агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен (өздүгү такталууда).

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-cho-chj-kanaldan-suuga-chkkn-zhansyz-zharandy-alyp-chygyshkan



Добавить комментарий