Бишкекте болгон селден кийин 12 унаанын номери табылды. Мэрия кайтарып берүүгө даяр

29 марта 2019 12:53 1551 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 28-мартта Бишкектин көчөлөрүндө болгон суу ташкынынан соң 12 унаанын номери табылды. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык түйүндөгү баракчасына маалымдады.

Номерлерди Жаш Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен табышкан.

Бир номердин ээси келип алып кетти. “Тазалыктын” кызматкерлери  калган номерлерди кайтарып бериш үчүн номер жоготкон айдоочуларга соцтармак аркылуу кайрылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bolgon-selden-kijin-12-unaanyn-nomeri-tabyldy-meriya-kajtaryp-berg-dayar



Добавить комментарий