Бишкекте болгон өрттө эркек киши каза тапты
Поделиться в:
Бишкектеги Маяковский көчөсүндө жеке турак жайда болгон өрттө эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Өрттөн улам жашы 40-45 чамасындагы үйдүн кожоюну каза тапты.
Өрттүн себептери такталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bolgon-rtt-erkek-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×