Бишкекте беткап тагынбагандарга миң сомдон 5 миң сомго чейин айып салынат

11 мая 2020 15:50 2320 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өзгөчө кырдаал учурунда санитардык нормаларды бузгандарга атайын беренелер боюнча айып салына турганын маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө карантиндик жана санитардык эрежелерди бузгандарга атайын айыптар каралганына токтолду. Ал айып бузуунун түрүнө жараша миң сомдон 180 миң сомго чейин жетет.

Калаа башчысы өзгөчө көңүл беткап кийбегендерге салынарына токтолду. Беткап тагынбагандарга миң сомдон 5 миң сомго чейин айып каралганын белгиледи.

Суракматов андан сыткары кайсы эрежелерди жана шарттарды бузганда айып пул салына турганын айтты.

  • Өзгөчө кырдаал учурунда укук тартибин бузгандарга 5 миңден 17 миңге чейин;
  • Санитардык-эпидемиологиялык, санитардык, гигиеналык нормативдерди бузгандарга миң сомдон 27 миңге чейин;
  • Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин жана талаптарын аткарбаган учурда 3 миңден 13 миң сомго чейин;
  • Өзгөчө кырдаалдын талаптарын бузганда 15 миңден 60 миң сомго чейин;
  • Карантинди сактабоо 30 миңден 60 миң сомго чейин.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-betkap-tagynbagandarga-mi-somdon-5-mi-somgo-chejin-ajyp-salynat



Добавить комментарий