Бишкекте балдар үйүнүн тарбиялануучуларына квартиралар берилди
Поделиться в:
Бишкекте балдар үйүндө тарбияланган алты жаранга муниципалдык квартиралар берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, квартиралардын ачкычын калаанын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.
Краснореченская мектеп интернатынын тарбиялануучулары Ю.Емельянов, Н.Джекшенов, И.Байбосунов, К. Нукеш уулу, Ж.Эркинбекова жана Б.Атановдор турак-жайлуу болушту.
Иш-чарага балдардын укуктары боюнча атайын өкүл Жыпариса Рысбекова катышты. Ал мэрияга берген көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-baldar-jnn-tarbiyalanuuchularyna-kvartiralar-berildi
Добавить комментарий ×