Бишкекте баңгизатты лабораторияда өстүргөн жарандар кармалды (сүрөт)
Бишкек шаарында баңги заттарды өстүргөн лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Белгилей кетсек, атайын жабдуулган лабораторияда баңги каражаттарын өстүрүү ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөнү айтылат.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана Тергөө кызматтары тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзгөн. Натыйжада Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган Г.И., 1971-жылы туулган Е.В. аттуу жарандары кармалган. Алар жашаган үйлөрдүн биринен кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай сорттогу кара куурайдын уруктары табылып алынды.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 273-беренесинде (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bagizat-strgn-zharandar-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×