Бишкекте аялдар күрөшү үчүн зал курулат

28 октября 2021 14:40 2121 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча агенттикке аялдар күрөшү боюнча залды курууга жер участогу бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аянты 600 чарчы метр болгон участок Малдыбаев 1 дарегинде, Ататүрк паркы менен катарлаш жайгашкан "Жаштык" спорттук массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциянын аймагынан бөлүндү. Жакын жайгашкан аймактагы дарактардын аянтын кошкондо участоктун жалпы көлөмү 800 чарчы метр болмокчу.

Ошол эле маалда аялдар күрөшүнүн залынын архитектуралык долбоорун иштеп чыгуу башталды.

Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сом болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ayaldar-krsh-chn-zal-kurulat



Добавить комментарий