Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары Ардак грамоталар менен сыйланды

28 октября 2022 19:33 1159 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте автобус жага троллейбустун айдоочулары Ардак грамоталар менен сыйланды. Бул тууралуу мэриянын малымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык жүргүнчү транспортунун жана автотранспорт ардагерлеринин кызматкерлерин автотранспорт жана жол чарбасы кызматкерлерин  кесиптик майрамы менен  куттуктады

«Күн сайын троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын миңден ашык кызматкерлери, эки жарым миңге жакын кичиавтобустук каттамдын айдоочулары калаада жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат. Шаардын мыкты транспорт кызматкерлери, өз ишинин патриоттору бүгүн ушул залда отурушат. Талыкпаган мээнетиңиздер, ак ниет эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем!” – деди Абдыкадыров.

Борбордун башчысы элдин жашоо сапаты көбүн эсе жүргүнчү транспорттун ишенимдүү, үзгүлтүксүз иштешинен көз каранды экенин белгиледи.

Шаардык транспорт кызматтарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-avtobus-zhaga-trollejbustun-ajdoochulary-ardak-gramotalar-menen-syjlandy



Добавить комментарий