Бишкекте август айына чейин эки көчө жабылат

26 апреля 2019 19:51 1759 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында жакынкы күндөрдө эки көчө ремонт иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

28-апрелде Нуркамал көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылат. Токомбаев көчөсү менен Каралаев көчөсүнүн ортосунда жол бордюрлары коюлат. Жумуштар “Бишкек шаарындагы унаа жолдорун калбына келтирүү”долбоорунун алкагында ишке ашып жатат жана 1-августка чейин созулат.

Унаалар Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрү аркылуу жүрсө болот.

29-апрелде Репин көчөсүнүн Гагарин жана Куюкова көчөлөрүнүн ортосундагы аралыгы жабылат.

Айдоочулар  Садырбаев жана Чортеков көчөлөрү аркылуу жүрсө болот.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-avgust-ajyna-chejin-eki-kch-zhabylat



Добавить комментарий