Бишкекте атбашылык 47 жаштагы киши адашып жүрөт. Ал жакындарын издейт – видео

28 февраля 2020 14:37 5570 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда атбашылык Максат Буратов аттуу 47 жаштагы киши Бишкекте адашып жүргөнүн жазышууда. Ал кичи мекенине кете албай кыйналып жүргөнү боюнча видеолор дагы тарады.

Видеону жарыялаган автордун айтымында, Максат Буратов Бишкектеги Гагарин көчөсүндөгү “Народный” дүкөнүнүн жанында жүрөт.


“Видеодогу бул кишинин жанында документтери жок, өзүнүн айтуусунда Ат-Башыдан болот. Аты Максат Буратов 1973-жылы туулган. 1 айча мурда Ат-Башыдан бирөөлөр менен келип кайра кете албай калган. Учурда Бишкектеги №4 шаардык оорукананын айланасында түнөп жүрөт экен. Бакы деген агасы, Асан деген уулу бар экенин айтты. Таратып койсонуздар, балким туугандары табылып калаар?” — деп жазды автор.

Адашып кеттим деген кишинин айтымында, ал Ат-Башыдагы Өскөнбай аттуу кишинин баласы.

Эгер аталган жаранды таанып билгендер болсо, маалыматтын алдына пикир жазыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-atbashylyk-47-zhashtagy-kishi-adashyp-zhrt-al-zhakyndaryn-izdejt-video



Добавить комментарий