Бишкекте атасы жети жаштагы баласын сабап, аны мээси чайкалып, колу сынган

14 мая 2019 10:46 2004 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте эркек киши баласын кошунасыныкына уктап калган үчүн катуу сабап салган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан жергиликтүү ЖМКга кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак 12-майда ооруканага токмоктолгон бала жаткырылган.

“Милициялар барган кезде баланын апасы аны атасы сабап салганын айткан. Баланын баш мээси чайкалып, колу сынган.Атасы ага тарбия бермек болуп урган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда баланын атасы-33 жаштагы эркекке карата экспертиза дайындалды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине “Үй-бүлөлүк” зомбулук катары катталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-atasy-zheti-zhashtagy-balasyn-sabap-any-meesi-chajkalyp-kolu-syngan



Добавить комментарий