Бишкекте айдоочу үч кишини коюп кетип, бирөө каза болуп калды

13 февраля 2020 14:22 637 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Бишкекте үч кишини машинасы менен коюп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, 13-февралда түнкү саат 12:30дар чамасында айдоочу Малдыбаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен үч кишини коюп кеткен. Анын кесепетинен жабыркагандардын бирөө кырсык болгон жерден каза болуп, эки киши ооруканага жеткирилген.

Кайгуул милициясынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, шектүү катары 26 жаштагы Т.К. аттуу киши кармалган. Ал “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн. Айдоочу Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө алынып келип, машина айып короого токтотулган.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ajdoochu-ch-kishini-koyup-ketip-bir-kaza-bolup-kaldy



Добавить комментарий