Бишкекте 9 жаштагы бала мектептен үйүнө автобус менен баратып уктап калып, адашып кеткен

29 ноября 2019 18:44 2479 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин МАККББнын милиционерлер Бишкек шаарында жоголуп кеткен мектеп окуучусуна ата-энесин таабууга жардам беришти. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ, 27-ноябрь күнү саат 18:00 чамаларында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн милиция кызматкери, милициянын кенже лейтенанты А. Бейшекеев Борбор каалабызда өтүп жаткан ЖККУга мүчө болгон өлкө башчыларынын кезектеги отурумун өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда, Ж. Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 8-9 жаштагы бала аялдаманын жанында жалгыз  жүргөндүгүнөн, жанына келип  эмнени кылып жүргөндүгүн сураган. 

Ал мектептен чыгып үйүнө автобус менен баратып анын ичинде уктап калгандыгын маалымдаган. Андан соң андан ата-энесинин уюлдук телефон номерлерин сураштырып, ошол замат милиция кызматкери апасы менен байланышып,  ата-энесине өткөрүп берди. Мектеп окуучусу Бишкек шаарыбыздын мектептеринин биринде 3-класста окуугандыгы маалым болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-8-9-zhashtagy-bala-mektepten-chygyp-jn-avtobus-menen-baratyp-uktap-kalyp-adashyp-ketken



Добавить комментарий