Бишкекте 7 унаа сүзүштү. Арасында мектепти бүтүрүүчүлөр бар

24 мая 2018 23:45 1183 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте жол кырсыгына 7 унаа кабылды. Андагы айдоочулардын ичинде – мектепти бүтүрүүчүлөр дагы болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББ ЖККБ тастыкташты.

Элебесов көчөсүндө 7 унаа менен болгон жол кырсыгы бүгүн, 24-майда катталган. Кырсык болгон жерде азыр ЖККБ инспекторлору жүрүшөт. Алар кырсыктын схемасын түзүп жана административдик протоколдорду жазып жатышат. “Азырынча кырсыкка кабылган 7 унаанын канчасы мектептин бүтүрүүчүлөрү экени белгисиз. Бул маалымат кийинчирээк берилет”, - деп билдирди ЖККБ өкүлдөрү.

24-25-майда көпчүлүк орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты болот. Ушуга байланыштуу өлкө ичинде, Бишкектин жолдорунда окуучулардын катышуусундагы жол кырсыктары көп кездешет.

КР ИИМ бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылат: балдарыңардын айланасындагыларды, алардын жүргөн жерин контролго алыңыздар. Салтанаттуу кече аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр коомдук тартипти бузуп, спирт ичимдиктерин ичип, наркотикалык же психотроптук заттарга аралашпоосун көзөмөлдөөңүздөр. Автокырсыктарга кабылбоо үчүн балдарыңарга өзүңөрдүн автоунааңарды бербегиле” , - деп ИИМ эскертүү берди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-7-unaa-szsht-arasynda-mektepti-btrchlr-bar



Добавить комментарий