Бишкекте 500 жетим балага гум жардам таратылды
Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркартылды. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин
басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Иш-чарага Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.
Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында аталган жардам Министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда. «Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы “Аль-Махтум” фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга “Жаркын жаштар келечеги” фондунун салымы чоң», - деди ал.
Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар улантылаарын белгиледи",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-500-zhetim-balaga-gum-zhardam-taratyldy
Добавить комментарий ×