Бишкекте 5 унаа сүзүштү

4 сентября 2018 18:00 1795 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-сентябь күнү Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүндө беш унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, кырсык эртең менен саат 8:40 чамаларында Байтик баатыр көчөсүндөгү көпүрө алдында катталган. Аталган көчөдө Honda Odyssey, Volkswagen, Toyota Wish, Toyota 4Runner жана Nissan маркасындагы унаалар сүзүшкөн.  Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.  Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, материалдар тергөөгө жөнөтүлдү.  Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-5-unaa-szsht



Добавить комментарий