Бишкекте 47-мектептеги жаңжал боюнча мектептин директору кызматтан бошотулду
Поделиться в:
Бишкекте 47-мектепте 8-класстын окуучусун ур-тепкиге алган окуя боюнча аталган мектептин директору Салтанат Курманалиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэрия аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
Маалым болгондой, муну менен катар эле бир катар жооптуу чиновтиктер жазаланат.
Ал эми, вице-мэр Асель Куламбаева жана билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрмановага сөгүш берилди.
Эске салсак, 12-октябрда 9-класстын эки окуучусу 8-класстын окуучусун сабап салышкан бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Добавить комментарий ×