Бишкекте 27 жаштагы Наргиза Ибраева изделүүдө

6 сентября 2018 19:30 1270 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Ибраева Наргиза Туратовна изделип жатат. Ал 1991-жылы төрөлгөн. 

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Ибраева кечээ, 5-сентябрда «Берен Голд» соода борборунан чыккан бойдон дайынсыз. 

Белгилери: Бою 140-145 см чамалуу, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара. Оң көзү көрбөйт, так сүйлөй албайт, 2-топтогу майып. Кечээ сызыкчалары бар кофта, кара шым, бутунда спорттук бут кийим жана көңүрт көз айнекчен болгон. Н.Ибраева тууралуу маалыматы барлар (0777) 87-44-11, (0553) 102-566, (0772) 05-20-00, (0556) жана 85-58-12, (0702) 22-85-05 номурларына кайрылса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-27-zhashtagy-nargiza-ibraeva-izdeld



Добавить комментарий