Бишкекте №215 кичи автобус менен "Хонда Фит" кагышып, 2 адам ооруканага жаткырылды
Чүй проспектиси менен Калыка Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктын кесепетинен 6 адам ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Анын ичинен 2 адам травматология бөлүмүнө жаткырылды: 1996-жылы туулган бала жана 1995-жылы туулган кыз. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
«4 бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ошондой эле, эки унаанын айдоочулары медициналык жардам алууга өздөрү бара турган болду. Алар амбулатордук дарыланууга багытталган », - деп билдирди басма сөз кызматы.
Бишкекте 17-сентябрда эртең менен No215 жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен "Хонда Фит" кагышкан. Кичи автобус катуу соккудан улам оодарылып кеткен.
Добавить комментарий ×