Аянттагы кагылышуу учурунда каза болгон Үмүтбекке куран окутулду

23 октября 2020 13:17 1053 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-октябрда “Ала-Тоо” аянтында 5-6-октябрда митинг учурунда алган жаракатынан улам каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулуна куран окулду. Бул тууралуу демилгечилердин бири "Барометрге" билдирди.

Маркум Үмүтбекти эскерүү коомдук кыймылдардын демилегеси менен өткөрүлүп жатканы маалым болду. 5-6-октябрда нааразычылык акциясына чыккан эл менен күч органдары кагылышып, анын кесепетинен 19 жаштагы Үмүтбек каза болгон.

“Бүгүн, Кыргызстандын келчегинен үмүт кылып, митинге чыгып каза болгон Үмүтбекке багыштап куран окудук. Ал биздин жакшы жашоодо жашообузга өз салымын кошом деп барган. Биздин укугубузду коргоп барган. Биздин өлкөнүн өсүп, өнүгүүсүн талап кылып барган. Анын үмүттөрү менен тилектеринин аткарылышына биз аракет кылышыбыз керек. Инибиз биздин эсибизде “баатыр” бойдон унутулбай сакталып калат”, - деди коомдук кыйымылдын демилгечилеринин бири.

 Эскерте кетсек, Үмүтбек 5-6-октябрда борбор калаадагы митинчилер менен күч органдарынын кагылуусунан жаракат алып, ооруканадан каза болгон. Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү 8-октябрда кичи мекени Баткен облусунда жерге берилген

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-19-zhashynda-ayanttagy-kagylysh-uchurunda-kaza-bolgon-mtbekke-kuran-okutuldu



Добавить комментарий