Бишкекте 17-декабрдан 21-декабрга чейин көгүлтүр от болбойт
Бишкек шаарынын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбой турганын “Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы таратты.
Мунун себебин алар “компаниянын кызматкерлери кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт” - деп түшүндүрүшүүдө.
Көгүлтүр от өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:
— Кызыл куруучу, Керамика жана Кайыңды конуштарында;
— Төмөнкү Ала-Арча айылында (Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллектив көчөлөрүндө жана Аул, Жаңы айыл жана МЧК туюк көчөлөрү)
— Аламүдүн айылында (Гидрокуруучу, Алма-Ата, Набережная, Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү)
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-17-dekabrdan-21-dekabrga-chejin-kgltr-ot-bolbojt
Добавить комментарий ×