Бишкекте 10-кабаттан секирип жанын кыймак болгон аялды эки саат издешти

22 ноября 2021 16:42 8035 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте суицид аракети болду деген маалымат төгүн болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

ӨКМга Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан бир аял секирип жанын кыюуга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды. Алар эки сааттай аялды издешти.

Суицид аракети болуп жатканы тууралуу телефон чалган адамдын номери азыркы тапта өчүрүлүп калган. Ички иштер министрлиги маалыматты текшерип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-10-kabattan-sekirip-zhanyn-kyjmak-bolgon-ayaldy-eki-saat-izdeshti



Добавить комментарий