Бишкекке Якутиядан Кыргызстандын 170 жараны, Индиядан 10 жараны келди

19 июня 2020 13:04 386 Barometr
Поделиться в:
ok

19-июнда «Манас» эл аралык аэропорту «Якутия» авиакомпаниясынын Якутия-Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды.  Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Россиянын аталган аймагында жашаган КРнын 170 жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

 Жүргүнчүлөрдүн тизмесине якут ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер – Кыргызстан жарандары, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген.

 Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

 Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия тарап менен өз ара аракеттешүүсүндө жана “Саха Республикасынын "Манас" кыргыз диаспорасынын көмөктөшүүсү менен уюштурулду».

 Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын жарандары келди
 Дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР ТИМ менен Индия ТИМдин өз ара аракеттешүүсүндө Индиядан КРнын 10 жараны кайтып келди.
 Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.
 Индия тараптын өтүнүчүнө ылайык, «Ванде Бхарат Миши» Индия Өкмөтүнүн атайын программасынын алкагында чет өлкөдө жүргөн Индиянын жарандарын кайтаруу боюнча 2020-жылдын 16-июнунан 28-июнуна чейин индия тарап «Air India» жана «Сapa Jet» авиакомпаниясынын кезектеги чартердик каттамдары аркылуу Индиянын жарандарын мекенине кайтарууну пландап жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-yakutiyadan-kyrgyzstandyn-170-zharany-indiyadan-10-zharany-keldi



Добавить комментарий