Бишкекке тажырыйба алмашуу үчүн Түркиянын ички иштер министрлигинен делегация келди

20 сентября 2022 17:12 1382 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Республикалык окуу борборуна Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынан атайын делегация тажырыйба алмашуу үчүн келишти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 20-сентябрда эки тараптуу кызматташтыкты түзүү максатында Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы келишти.  

"Иш сапардын алкагында аталган делегациянын курамы – Түркиянын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын командири генерал-лейтенант Нух Көроолу, академиянын студенттер иштери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Өзжан Мете Өзжан, академиянын стретегиясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы полковник Хайреттин Күпели, чет тилдерди окутуу бөлүмүнүн башчысы майор Харсан Мерт Йолжу, Академиянын окутуучусу, доктор Күршад Гүч жана Али Йылдырым, Түркия мамлекетинин ИИМдин  Кыргызстандагы өкүлү Мустафа Ырмак, ИИМдин РОБдун начальниги милициянын полковниги К.Кадыркулов жана ИИМдин РОБдун кызматкерлери менен жолугушту.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын өкүлдөрү алгачында милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы музейи, андан тышкары,  окуу борбордогу  тажрыйбалык сабактарды өткөрүү үчүн жабдылган атайын  окуу класстары  менен таанышып  чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын адистерди даярдоо жана окуу процесин уюштуруу боюнча бири-бирине маалымат беришип, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргызстандын ИИОнын кызматкерлерин окутуу жаатында тажырыйба алмашуу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда тараптар биргелешкен долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-tazhyryjba-almashuu-maksatynda-trkiyanyn-ichki-ishter-ministrliginen-delegaciya-keldi



Добавить комментарий