Бишкекке Москвадан 155 кыргыз жараны учуп келди

15 августа 2020 10:31 739 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке Москвадан кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кечээ, 14-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча Кыргызстанга Россиядан 155 кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Россия Федерациясындагы КР Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-moskvadan-kyrgyzstandyn-155-zharany-uchup-keldi



Добавить комментарий