Бишкекке Минсктен 182 кыргыз жараны мекенине кайтты
Бишкекке Минсктен 182 кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Тышкы иштер министрлиги 8-июлда «Avia Traffic Company» авиакомпаниясынын «Минск-Бишкек» багыты боюнча Беларусиядан 182 кыргыз жаранын алып келгенин билдирди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мурда берилген билдирүүлөргө ылайык КРнын Беларусиядагы жана Украинадагы элчиликтери тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелер менен өз ара аракеттешүүсүндө түзүлгөн.
"Бул каттам менен Кыргызстан жарандары, анын ичинде Беларусь, Украина, Австрия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерландия, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүнөн студенттер кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргыз жарандарын кайтып келүү боюнча иштер уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-minskten-kyrgyzstandyn-zharandary-kajtyp-keldi
Добавить комментарий ×