Бишкекке Азербайжан мамлекети парк курат. Эс алуу жайдын эскизи
Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы куруларын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мындай макулдашууга 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.
Аталган эс алуунун жайынын пайдубалына капсуланы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков салды.
Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда орто мектеп куруу ниетинде.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.
«Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», — деди ал.
Жээнбеков президент Ильхам Алиев баш болгон азербайжан тарапка парктын курулушуна көмөктөшүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп каларына ишенерин айтты.
Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 гектар аянтка жайгашат.
Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары орнотулат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-azerbajzhan-mamleketi-park-kurat-es-aluu-zhajynyn-eskizi
Добавить комментарий ×