Бишкекке 50 млн долларга 120 электробустар сатылып алынат

8 августа 2022 17:36 906 Barometr
Поделиться в:
ok

Азия өнүктүрүү банкынын “Шаар транспортун электрлештирүү” долбоорунун алкагында борбор калаага 120 электробус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык эксперттердин анализи көрсөткөндөй, Бишкектин жаңы автобустары үчүн электроавтобустар эң арзан баа болуп саналат. 

"Бул электр автобустары көбүрөөк капиталдык салымдарды талап кылганы менен, эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөө жалпы чыгымдардын эң төмөн болушуна алып келет дегенди билдирет. 

Алсак, электробустар шаар үчүн экологиялык жактан таза тандоо болуп саналат", -деп айтылат маплыматта.

"Бул унаалардын жашоо циклинин эң төмөнкү баасы жана экологиялык жактан эң чоң пайдасы бар, ошондуктан бул чыныгы утуш", - деди
Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, "Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө карата Борбордук Азиядагы эң аярлуу өлкөлөрдүн бири".

"Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржыланат, жалпы суммасы 50,65 млн. доллар, анын ичинен гранттын жалпы үлүшү - 25,65 млн. доллар, ал эми жеңилдетилген кредит 25,00 млн. доллар", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-50-mln-dollarga-120-elektrobustar-satylyp-alynat



Добавить комментарий