"Бишкек жылуулук борборунун" башкы директору Эркин Абдыкалыков кызматтан кетти

7 мая 2021 16:41 1664 Barometr
Поделиться в:
ok

“Бишкек жылуулук борбору” ААКтын башкы директору Эркин Абдыкалыков  кызматтан кетүүнү чечти. Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу кесиптештер! Урматтуу достор!

Учурдагы кырдаалга жана келечектеги пландарга байланыштуу, мен өз каалоом менен, “Бишкек жылуулук борбору” ААКтын башкы директорунун кызматынан кетүүнү чечтим.

Белгилеп кетсем, бул жылдар аралыгында энергетика мен үчүн тубаса элемент болуп калды жана мен өз тарабымдан тармактын натыйжалуу өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшадым.

"Бишкек жылуулук борбору" ААКсында иштеген мезгилде бир нече долбоорлор жүзөгө ашырылып, ондогон көйгөйлөр чечилди, айрыкча борборубузду жылуулук менен сапаттуу камсыздоо болду.

Ишкананын жамааты Раимбеков Уран Камилжановичтин жетекчилиги астында пландарды жүзөгө ашырууда мындан ары да курсту улантып, жаңы максаттарга жетишет деп ишенем.

Жылуу сөздөр жана колдоолор үчүн абдан ыраазымын,”- деп жазган ал.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhyluuluk-borboru-bashky-direktoru-erkin-abdykalykov-kyzmattan-ketn-chechti



Добавить комментарий