Бишкек ЖЭБи боюнча сот: Сотто ишке Артыкбаевдин катыштыгы жок экендиги далилденди
Бүгүн, 23-майда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш кайрадан уланды. Сотто Артыкбаевдин жактоочусу жабырлануучу тараптын өкүлү катары келген Каржы министрлигинин кызматкери Азамат Исаковдон мамлекеттин атынан кайсыл орган кредит алууга укуктуу экенин сурады.
Исаков өз жообунда мамлекеттин атынан бир гана Каржы министрлиги кредит ала ала тургандыгын айтты.
Жактоочу ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Эксимбанктан кредит алууну ким демилгелегендигин тактап сурады.
Министрликтин кызматкеринин жообунда 2013-жылы Эксимбанкка кредит берүү тууралуу өтүнүч катты Каржы министрлиги жибергендиги маалым болду.
Мындай кат «Электр станцияларынын» катынын негизинде жиберилген экен.
Ошентип, бул ишке Артыкбаевдин тиешеси жоктугу далилденди.
Добавить комментарий ×