Бишкек-Жалал-Абад аба каттамдары убактылуу ишин токтотту
Поделиться в:
Бишкек-Жалал-Абад аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Жалал-Абад аэропортунун жетекчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учуучу Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытындагы каттамдар 2 жумага чейин аткарылбайт. Бул айрым аба компаниялардын иши менен байланыштуу. Учурда учакка билет алгандардын акчасы кайтарылып, айрымдары Ош аэропорту аркылуу учууга мажбур болуп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhalal-abad-aba-kattamdary-ubaktyluu-ishin-toktottu
Добавить комментарий ×