Бишкек ТЭЦи боюнча сотто коргоо Артыкбаевдин ишке катыштыгы жок экенин далилдеди

24 мая 2019 18:29 5248 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 23-майда Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча иш кайрадан уланды. Бул тууралуу kaktus.media булагында маалымат жарыяланды. Экс-энергетика министри, парламенттин депутаты Артыкбаевдин жактоочусу жабырлануучу тараптын өкүлү катары келген Каржы министрлигинин кызматкери Азамат Исаковдон мамлекеттин атынан кайсыл орган кредит алууга укуктуу экенин сурады.

Исаков өз жообунда мамлекеттин атынан бир гана Каржы министрлиги кредит ала ала тургандыгын айтты.

Жактоочу ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Эксимбанктан кредит алууну ким демилгелегендигин тактап сурады.

Министрликтин кызматкеринин жообунда 2013-жылы Эксимбанкка кредит берүү тууралуу өтүнүч катты Каржы министрлиги жибергендиги маалым болду. Мындай кат өз кезегинде “Электр станцияларынын” жазган катынын негизинде жөнөтүлгөн. Ошентип, бул ишке Артыкбаевдин тиешеси жоктугу далилденди.

Жактоочу журналисттерге жыйында мындай жол менен Осмонбек Артыкбаевдин “Электр станциялары” менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын ортосунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишим түзүүдө Осмонбек Артыкбаевдин катыштыгы жок экени тууралуу далилдер келтирилгенин түшүндүрдү.

Коргоо буга чейин сотто жабырлануучу тарап Артыкбаев ТЭЦти модеринизациялоо боюнча бир дагы документке кол койбогонун айтканын эскертип өттү.

ТЭЦ боюнча эки келишим бар, биринчиси-  ТЭЦти модеринизациялоо боюнча контрактык келишим, ага “Электр станциялары” менен Кытайдын ТВЕА компаниясы келишим түзгөн. Экинчиси-Каржы министрлиги менен КЭРдин Эксимбанкы түзгөн келишим.

Сотто жабырлануучу тарап Артыкбаев ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимге таасир бербегенин тастыктады, анткени “Электр станцияларынын” юристи Урматбек Камбаровдун айтымында, “Электр станциялары” бул акциялары ошол кезде Мамлекеттик мүлк фондуна таандык болгон акционердик коом болгон.

“Акционердик коомдор тууралуу мыйзамга ылайык, компания өз алдынча келишим түзө алат, Энергетика министрлигинин макуладашуусунун кереги жок. Анан калса Энергетика министрлиги коммерциялык компаниянын ишмердигине кийлигишкенге укугу жок”,-деп билдирди Камбаров “Электр станцияларынын” атынан жабырлануучу тарап катары сүйлөп жатып.

Ошол эле маалда соттун имаратынын жанында экс-министрдин тарапташтары-Токтогул районунун тургундары менен жергиликтүү кеңештин депутаттары чогулушту, алар ар бир жыйын сайын келишүүдө.

Үч-Терек айыл кеңешинин төрагасы Алмаз Акаев депутатттар Үч-Терек айылынын тургундарынын атынан келишкенин белгилеп өттү.

“Осмонбек Мамбетжанович биздин айылдын жана жалпы эле Токтогул районунун өнүгүшүнө зор салым кошту - анын колдоосу менен жаңы мектептер, көпүрөлөр, жолдор салынып, эскелери оңдолду. Анын жардамы менен биздин айыл жана район үчүн баардык зарыл болгон иш-чаралар өткөрүлдү. Токтогул району Осмонбек Артыкбаев боюнча сот акыйкат чечим кабыл алат деп абдан үмүттөнөт”,-деп айтты Акаев.

Токтогул районунун тургуну Жайлообай Казымидинов Осмонбек Артыкбаев кандай адам экени жөнүндө айтып берди.

 “Ал өзгөчө адам, анын жашоо жолун, тажырыйбасын жана мүнөзүн Токтогул районунун баардык тургундары жакшы билишет. Ал  кимдир-бирөөнү каралап, уурдап же жамандык жасай турган адам эмес. Тескерисинче, ал көп эмгектенген жана колунда жокторго көмөктөшкөн адам. Осмонбек Артыкбаевдей элге көмөгү тийген чын жүрөгү менен жардам берген адамдар сейрек кездешет. Биз анын күнөөсү жок экенине ишенебиз, анткени ал коррупцияга аралашпайт. Ошондуктан биз адилет чечим күтөбүз”,-деп баса белгиледи Кызымидинов.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-teci-boyuncha-sotto-korgoo-artykbaevdin-ishke-katyshtygy-zhok-ekenin-dalildedi



Добавить комментарий