Ногойбаев Бишкек ШИИББнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек ШИИББдин өздүк курамына Бишкек ШИИББдин начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу Азамат Ногойбаевди тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Бүгүн, 11-апрель күнү Октябрь Урмамбетов Бишкек ШИИББдин өздүк курамына Бишкек ШИИББдин начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу милициянын полковниги Азамат Болотбекович Ногойбаевди тааныштырды.
Таныштырган соң, Урмамбетов Бишкек ШИИББдин, Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондорунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде аткарууну талап кылды.
Урмамбетов жаңы дайындалган жетекчилерге ийгиликтерди каалап, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды.
Азамат Болотбекович Ногойбаев – милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июль күнү туулган. Кыргызстандын ИИМнин Академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап кызмат өтөөдө.
Ички иштер органдарындагы кызматын Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБде кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп баштаган.
Кызмат учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
Жетекчилик курамдагы кызматтарда иштеген:
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Кылмыш иликтөөнүн бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Жайыл РИИБдин начальнигинин орун басары, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальнигинин орун басары, Чүй облусунун Сокулук РИИБдин начальниги, ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын бөлүм начальниги.
КРнын ИИОнун кызмат учурунда түзүмдүк медалдар менен сыйланган.
Добавить комментарий ×