Бишкек ШИИББдин кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылса да иштеп келген, эми кызматтан алынды
Поделиться в:
Бишкек ШИИББдин кызматкери пара алууга катышкан деген айып менен кызматынан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек ШИИББдин кызматкери Э. Кадыралиев мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыбы угузулганы менен азыркы учурга чейин иштеп келгендиги боюнча билдирүү жарык көргөн. Буга байланыштуу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенген. Бирок кылмышка тиешеси бар Э. Кадыралиев аттуу кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу расмий документ менен маалымдалбаганын билдирген.
Ички кызматтык иликтөөдөн кийин жогорудагы аталган кызматкер кызматынан алынгандыгын билдиришти.
Добавить комментарий ×