Ардагер: Кой-Таш айылында болгон окуяда Курсан Асанов генералдык наамын өзүнүн иш-аракети менен уяткарды

19 сентябрь 2019 15:04 3561 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек ШИИББдин ардагерлери, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында  2019-жылдын 7-8-августунда болгон окуяларга карата пикирлерин билдирди.  

"Мурдагы президент А. Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын бийликчил мүдөөсүнөн улам Кой-Таш айылынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын бейпилдиги бузулду. Бул окуяга Кыргызстандын бүтүндөй жалпы эли көз салып турду. А.Атамбаев конституциянын жана мыйзамдын талаптарын одоно бузуп, мыйзамдын алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук кылып, укуктук талаадан чыгып кетти. Окуя болгон жерде жүргөндөр   А. Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын  буга атайылап катуу даярданышканына күбө болушту. Мурдатан эле каптарга кумдар толтурулуп, тоскоолдук жаратыш үчүн коюлуп, жолдорду бактар менен тосуп, үйү болсо тоскоолдукту камсыздаш үчүн күчтүү бекемделген.

Ушундай жагдайда ИИМдин жетекчилиги генерал Кашкар Джунушалиевдин профессионалдуулугунун, коюлган тапшырмаларга ылайык сүйлөшүүнү жүргүзө билүүнүн натыйжасында гана А.Атамбаевди кармоо боюнча оң жыйынтыктарды алып келди. Бирок, бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, Кыргызстандын эли жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдар болушкан генерал Курсан Асановдун аракети түшүнүксүз болуп калды. Сот тарабынан  мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар кабыл алынат деген ойдобуз. Бишкек ШИИББдин ардагерлери Кой-Таш айылында болгон окуяда генералдык наамын өзүнүн иш-аракети менен уяткарган Курсан Асановго карата көрүлгөн чараларды колдойбуз.

Биз Бишкек ШИИББдин ардагерлери Кашкар Джунушалиев башында турган ИИМдин жетекчилигинин учурда жүргүзүп жаткан иштерин ар тараптан колдойбуз жана өзүбүздүн тажрыйбабызды милициянын ишинде бөлүшүүгө даяр экендигибизди билдиребиз. Милициянын иши боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер, анын ичинде депутаттардын (Дастан Бекешов) айрымдары ИИМдин жетектөөчүлүк кызматына жарандык адамдарды дайындоо керектигин айтышууда. Милициянын ишинде кыпындай дагы тажрыйбасы жок, ыкчам кырдаалды түшүнө албаган жарандык жактарды жетектөөчүлүк кызматка койгон бул  өзү кемчилик. Аны койолу, ройондук бөлүмдө өзүнүн башчысынын фамилиясын атай албаган кызматкерлерди көрүүгө болот. Өткөн бийлик учурунда жарандык жактарды министр кылып дайындап, наам берген учурлар жок эмес, чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун дегендей бул жолдо дагы өзгөрүүлөр болуп кеткен жок. Ошондуктан, ИИМдин жетектөөчүлүк кызматында милиция органынын бардык кызматтарынан баштап  бардык жолду басып өткөн милиционер гана иштеши керек деген позицияны колдойбуз".

Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Самудин Айдаров,

Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Камчыбек  Исабеков.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shiibbdin-ardagerleri-ojlorun-bildirdi



Добавить комментарий

  • ДУЖУР Чалдар .ар кимедин айдатмасында болгонунарды токтотпойсунарбы
  • Картайганда калжандабай үйдө эле олтурбайсынарбы олсонор дагы чындыкты сүйлөп олгуло кошомат кылбай
  • Картайганда кууланбай уйунордо отура бергилечи , баардык болгон нерсеге кудайым кубо , Эл коруп турат , элди эч ким алдай албайт
  • Канатбек 5 лет назад
    Ким кандай айтса да Атамбаев элдик президент боюнча кала берет. Аны эч ким талаша албайт. Тарых озу таразалайт.