Элдик кошуун мамлекеттик резиденцияга бара жаткан жоон топ элди токтотту
Поделиться в:
Бишкекте ушул түнү элдик кошуун шаардын коопсуздугун көзөмөл кылып турушту.
Алар мамлекеттик резиденциянын жанына жана борбордук аянтта талап-тоноого жол бербөө максатында иш алып барышты.
Элдик кошуун автобустар жана жеңил унаалар менен мамлекеттик резиденцияны көздөй бара жаткан жоон топ элди өткөрбөй тозуп турушту.
Элдик кошуундун 50гө жакын адамы нааразычылык акциясына чыккандарды токтотуп, башаламандыктардын алдын алууну көздөп жатышат. Алар мессенджерлер аркылуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн элдик кошуундун катарына кошулууга чакырып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-koopsuzdugun-eldik-koshuun-kzmlg-aldy
Добавить комментарий ×