Бишкек шаарынын чарба субьектилеринин санитардык абалы текшерилүүдѳ
Поделиться в:
Октябрь райондук администрациясынын билдирүүсү боюнча, Санитардык-экологиялык инспекциясы №9 МАБ менен биргеликте Юнусалиев кѳчѳсүндѳгү чарба субъектилеринин айланаларынын санитардык абалына текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ чарба субъектилеринин ээлери жана ижарачыларына санитардык абалды жакшыртуу жана тегерек четти ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери ѳткѳрүлдү.
Санитардык нормаларды жана кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандарга бузууларды четтеттүү протоколу түзүлдү.
Текшерүү шаардын башка бөлүктөрүндө дагы улантылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-charba-subektilerinin-sanitardyk-abaly-teksherildo
Добавить комментарий ×