Бишкек шаарынын бийлиги футболдук борбор курууга жер тилке тапты

26 декабря 2019 19:26 7032 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек мэриясы өлкөнүн футбол федерациясы сураган футболдук борбор курууга жер тилкесин тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициянын лидери Жумабек Салымбеков билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңеш менен мэрия жер тилкеси боюнча дагы кошумча кеңешме өткөргөн. Жумабек Салымбеков ошондой эле шаар бийлиги депутаттардын чечими боюнча меморандум даярдап жатканын кошумчалайт.  

Бул жер тилке шаардын Масалиев жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде, жаңы стадион курула турган жерге жакын жайгашкан.

Эске сала кетсек, дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Кыргызстанга футболдук борбор курууга 10 млн доллар кайтарымсыз каражат берет. 31-декабрда бул маселени чечүүнүн экинчи мөөнөтү келет, эгер Кыргызстан ФИФАга футболдук борбор курулуучу жердин документтерин бере албаса, анда каражат башка мамлекетке берилип калышы ыктымал.

Ошондуктан өлкөнүн футбол федерациясы мэриядан жер сурап кайрылган. Шаар бийлиги талаптагыдай жер таап бере албай жатканы айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-bijligi-futbolduk-borbor-kuruuga-zher-tilke-tapty



Добавить комментарий