Бишкекте карантин режимин бузгандардын суу жана свети өчүрүлөт. Жаңы тартип

1 июля 2020 17:27 2887 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында жаңы иш тартиби бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү иш тартиби орнотулду:

Коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси): иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат;

Кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;

Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт;

Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.


Төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:

Велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар, жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;

Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК “Северэлектро” жана “Бишкекводоканалга” кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.

Балдар оюн –зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары.

Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-zhay-ish-tartibi-bekitildi



Добавить комментарий