Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын көбү Ленин районунда

4 май 2020 13:20 2382 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова калаа боюнча 4-майга карата 231 кишиден коронавирус аныкталганын маалымат жыйында билдирди.

«Бишкекте коронавируска чалдыккан 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Алардын арасынан 69 адам 16 калктуу конушта турушат», - деди Кузнецова.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын көбү Ленин районунда.

Ленин районунда – 82 адам;

Октябрь районунда – 45 адам;

Биринчи май районунда – 41 адам;

Свердлов районунда – 21 адам.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-koronavirus-zhukturgandardyn-kb-lenin-rajonunda



Добавить комментарий