Бишкек шаарында бүгүн 13 жаштагы өспүрүм кыз жоголду
Поделиться в:
Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарында саат 2.30дар чамасында 2005-жылы туулган Элиза Максытова жоголду. Бул тууралуу фейсбуктун колдонуучусу Элина Исыкеева маалымдады.
Акыркы жолу кызды 6-микрорайондогу Орто-Сай базары тараптан көрүшкөн.
162 же болбосо 105 маршруттук таксиге Көк-Жар кичи районуна спорттук машыгууга барыш үчүн түшүп кеткени болжолдонууда. Капюшону бар кара куртка, ак блузка, кара юбка кийип жүргөн.Бул маалыматты таратууну өтүнөбүз.Кыздын апасы Роза, 0771 645353.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-bgn-14-zhashtagy-sprm-kyz-zhogoldu
Добавить комментарий ×