Бишкек шаарында 72 миң долларлык автобустар каттап баштайт
Бишкек шаардык мэриясы газ менен жүргөн жаңы автобустарды сатып алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова Barometr.kg сайтына билдирди.
Эске салсак, газ менен жүргөн, жалпы суммасы 382 млн сомдон ашпаган ЕВРО-5 экологиялык норманын талаптарына жооп бере турган автобустарды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Ага 8 компния катышкан. Алардын ичинен 301 млн. 273,7 миң сом сунуштаган кытайдын Zhengzhou Yutongbus Co. Ltd компанясы тендер жеңүүчүсү деп табылды.
Жалпысынан Бишкек мэриясы 69 жаңы автобус сатып алат, ар биринин баасы 72 миң долларды түзөт. Автобустар бардык келишимдерге кол коюлгандан кийин 60-90 күндүн ичинде алып келинет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-72-mi-dollarlyk-avtobustar-kattap-bashtajt
Добавить комментарий ×