Бишкек шаарына кайтадан жылуулук берилет
Поделиться в:
24-марттан баштап Бишкек шаарында кайра жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан "Барометр" маалымат агенттигине кабарлашты.
Эске салсак, Бишкек шаарында жылуулук берүү 19-марттан тарта өчүрүлгөн болчу.
Эмнеге мындай чечим кабыл алынганы боюнча кийин түшүндүрмө берилет.
"Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынын башчысы Тагжана Айдаралиева шаардыктарга жылуулук берилип баштаганын "Барометр" маалымат агенттигине тастыктады.
Жылуулук берүү мэриянын буйругуна ылайык берилүүдө.
Белиглей кетсек, Кыргызгидромет Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымалдыгын маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryna-kajtadan-zhyluuluk-berilet
Добавить комментарий ×