Бишкек шаарына 41 блокпост коюлду

25 марта 2020 16:43 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын ичинде жана кирип чыккан аймактарына жалпысынан 41 блокпост коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

Ал Бишкек шаарында коменданттык саат башталгандан кийин жөө жүргөндөргө, автоунаа менен жүргөндөрдүн бардыгына тыюу салынат.

“Коменданттык саат башталган учурда жөө кишилерге жана автоунаа айдоочуларга жүрүүгө таптакыр тыюу салынат. Эреже көнбөгөндөргө карата мыйзам алкагында чара көрүлөт”, — деди ал.

Эске салсак, Бишкек шаарында саат 20:00дөн тарта таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Мындай ыкмалар өзгөчө абал киргендигине байланыштуу жасалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryna-41-blokpost-koyuldu



Добавить комментарий