Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 13-февралга чейин абакта калтырды

14 января 2019 15:13 1040 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, экс- премьер-министр Сапар Исаковду 13-февралга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына СДПКнын маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, Исаков кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция"беренеси менен айыпталууда. Ал 2013-жылы КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, мамлекетке 101 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген. 

Жакында эле УКМК мамлекеттик тарых музейинин реконструкциялоодо Исаковдун тиешеси бар экендиги айтып айып тагылганын маалымдаган. 




Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sotu-sapar-isakovdu-13-fevralga-chejin-abakta-kaltyrdy



Добавить комментарий