Бишкек шаардык милициянын башчысы: Каза болгон Айзаданын ата-энесинен кечирим сурайм

8 апреля 2021 10:37 7639 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында ала качып кетти делип эки күндөн бери изделип жаткан Айзада Канатбекованын муунтулуп өлтүрүлүшү тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат.

Маалымат жыйында, БШИИБнын башчысы Бакыт Матмусаев каза болгон кыздын жакындарынан кечирим сурады.

"Менде да кыз бар. Ата катары, ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары бул окуяны өтө оор кабыл алдым. Мен өзүмдүн атымдан, каза болгон кыздын ата-энесинен кечирим сурайм. Биз бул окуянын алдын ала албай калдык", - деди Матмусаев.

Матмусаев журналисттердин "сиз бул окуядан кийин, кызматтан кетишиңизди талап кылып жатышканына кандай карайсыз" деген суроого жооп берди.

"Мен биринчи бул окуяны иликтеп, аягына чыгышым керек. Анан, атайын дайындалган комиссиянын чечиминин негизинде күнөөлүүлөр өз жазасын алат", - деп кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-miliciyanyn-bashchysy-kaza-bolgon-ajzadanyn-ata-enesinen-kechirim-surajm



Добавить комментарий