Бишкек шаардык мэриясына даттангандардын саны өстү. Мэриянын байланыш номурлары өзгөрдү

5 февраля 2019 12:11 566 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык мэриясына жылуулук жана электр энергиясынын берилүүсү боюнча даттанып кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн апта ичинде мэриянын Call-борборуна шаар тургундарынан жалпы эсепте даттанып чалгандардын саны 219 адамды түзгөн. Анын ичинен эң көп нааразычылыктар жылуулук берүү тармагына карата айтылса, андан кийинки санда электр энергиясы боюнча арыз-муңун айткандар көп. Ошондой эле көчөнү жарыктандыруу иштерине канааттанбагандардын саны да арткан.

Муниципалитеттин Call-борборунун номери өзгөргөнүн кабарлайбыз. Эми шаардын жашоочулары кайсы бир маселени айтуу үчүн 1840 жана 1850 кыска номерине байланышса болот. Номердин өзгөрүүсүнө "Кыргызтелеком" ишканасы эми кыска номерлүү байланыштарды 3 санынан 4 санына өткөрүп жатканына байланыштуу болду. Мындан улам мурдагы 185 кыска номери эми иштебейт. 1840 жана 1850 номерлерине жарандар күнү-түнү чала алат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-meriyasyna-dattangandardyn-sany-st-meriyanyn-bajlanysh-nomurlary-zgrd



Добавить комментарий