Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 16 адам жабыркады
Поделиться в:
Өзгөн районунда жол кырсыгында 16 адам жабыркады. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, авария кечээ, 14:30 чамасында Бишкек-Ош жолунун Шералы айылына караштуу 619-чакырымында катталды.
Анда кичи автобустун айдоочусу башкарууну жоготуп, жеңил унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада бустун айдоочусу жана 15 жүргүнчүсү жабыркады.
Бардыгы аймактык ооруканага жаткырылды. Алардын арасында 2 кичинекей балдар бар. Учурда бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү эксперизалар дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholundagy-zhol-kyrsygynan-16-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×